Исаков Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине унаанын үстүндө протокол толтуруу ыңгайсыз экенин айтты

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет берилет. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.

“Ар бир кызматкерге бирден планшет берилет. Азыркыдай унаанын үстүнөн протокол толтуруу болбогон иш жана ыңгайсыздыкты жаратат. Аталган башкармалыктын кызматкерлери планшет менен жол кыймылын бузган айдоочунун аты-жөнүн текшере алышат. Айдоочунун ким экендигин жазып эле ал тууралуу өздөрүнө керектүү бардык маалыматтарды ала алышат. Ошондой эле планшеттер менен протокол толтуруу да оңой болот. Айдоочунун аты-жөнү менен айыбын жазганда ал жакта протокол автоматтык түрдө толтурулат”, - дейт Сапар Исаков.

Андан сырткары өкмөт башчы Ички иштер министрлигине канча санда планшеттер керек экени тактоону тапшырып, ага керектүү суммада акча бөлүнөрүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ermekbai
2017-12-14 12:18:05
Планшетти колдоно албагандар кантет. Тупойлорда жок эмес.
+4
modem4999
2017-12-14 20:05:49
Ermekbai,водителдерди токтотуп сурап алышат.Бир жолу мени токтотуп мокрый асфальт деген кандай цвет деп сураган.
0
Nurbollot
2017-12-14 12:27:37
Планшет алгыча камера койгула ишеничтүү болот. Биздин ГАИлер жакшы иш алып барбайт акча акча акча эле болуп калган
0
Ermekbai
2017-12-14 12:29:56
Nurbollot,камералары бар иштетпейт. Көкүрөгүнө илип алган просто сурасаң заряд отуруп калды дейт. Камерасы кошулуп турса акча алалбай калат ошол себептен өчүрүп коюшат.
0
Parish
2017-12-14 12:29:36
Планшетти бергени жакшы бирок оздорунун катасын кантер экен? Чаткалга бир гайи келген жалан майда машиналарды кармайт. джип, анан акимдин жаш балдары айдаса кормоксонго алып койот,ушул тендикпи?
урматтуу Сапар Исаков ушундайларга бир назарынызды салып койсонуз жакшы болот эле.
+3
nurbekasr
2017-12-14 12:37:03
Камера берип көрдүңөр андан толк чыкбады,эми канчалаган миллионго планшет алып берсеңер анда өлгөн экенсиңер.Биринчи ошол планшетти жакшы пайдаланышты үйрөнүү керек,үйрөнүп алса иградан колу бошобой калат го.Көрөсүңөр мени айтты дейсиңер планшет да ашыкча эле чыгым.Жыйынтыгын бербейт актабайт да.
+3
gulzat85
2017-12-14 12:57:28
Планшетти карамыш болуп акча ала беришет да
+1
Mers124
2017-12-14 13:11:07
Сапар кыйын деп атып Сапардын ойлонгону ушул болдубу. Тим эле миллиондорго нагрудная камера алып берип, корруция жоюлат, кырсык азаят деп атып. Результат жок. Бул жөн эле акча жештин амалы. 10 мин сомго планшет алышат да, 30 мин деп жазып коюшат.
+1
adjo_krsu
2017-12-14 13:29:49
ГАИлерге планшет эмес, ыйман менен ынсап берсин кудайым....
+3
tular
2017-12-14 14:39:47
Урматтуу Сапар Исаков!!! МАИ кызматкеолеринин акча алганын токтотуу учун, оной эле иш! Болгону начальниктери отметка сурабаса эле, коррупция токтойт.... Ойлончу озун деле, МАИ кызматкеолери болгону приказды аткарган пешкалар, отметка сура алышат параны, результат сураса иштешет жанталашып протокол толтуруп.
0
amirrus
2017-12-14 17:15:02
буларга таяк бериниз урматтуу примьер ака жайлоого барып кой кайтарсын ордуна билимдуу,жаш ,техниканы тушунгон кадрлардан алыныз.Эски тамырды кыркмайынча бул вирустардан кутулуу кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан