Астанада Сооронбай Жээнбековду Казакстандын премьер-министринин орун басары тосуп алды

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Казакстанга барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Астана шаарындагы эл аралык аэропортто Жээнбековду Казакстандын премьер-министринин орун басары Аскар Мамин, тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев, Астана шаарынын акиминин орун басары Аскар Амрин, Казакстандагы Кыргыз Республикасынын иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Кайнар Токтомушев тосуп алышты.

"Астана шаарындагы эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, сапардын алкагында Сооронбай Жээнбековдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен тар жана кеңири курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн жана ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт. Сапардын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат, мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышат.

Расмий сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен да жолугушмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан