Орусияга кириш үчүн ар бир мигрантка 15 доллар салык киргизүү сунушталууда

Мамлекеттик Думанын "Адилеттүү Орусия" фракциясы Орусиянын аймагына кириш үчүн ар бир мигрантка салык киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин Көзөмөл жана регламент боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Олег Ниловго таянып Орусиянын "Парламенттик гезит" басылмасы жазып чыкты.

"Чек арада катуу көзөмөл орнотуу керек. Орусияга визасыз кирген ар бир мигранттан 5 доллардан 15 долларга чейин акча чогултууну сунуштап жатам", - дейт орусиялык депутат.

Анын айтымында, мындай кадам мамлекетти мигранттарды дарылоого жана өлкөдөн чыгарууга кеткен чыгашалардан бошотот. "Мигранттар мындай салык төлөөгө милдеттендирилсин. Эгер аларды өлкөдөн чыгарууга жана дарылоого туура келсе, ашыкча мамлекеттик чыгашалар болбойт", - деди Нилов.

Анын эсеби боюнча, эгер ар бир мигрант үчүн мамлекет төлөсө, жалпы сумма 2,5 миллиард рублга жетмек. "Мындай жоопкерчилик киргизүү мамлекетке көп маселе жаратып жаткан ишкерлерди токтотот. "Резина батирлерде" катталган мигранттар өлкөдөн чыгарылгандан кийин, аты-жөнүндө бир тамганы алмаштырып кайра кирип жатат. Мындай окуялар көп. Чек аралар ачык болуп тура берсе, эч нерсе өзгөрбөйт", - деген пикирде депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
тилек
2017-12-27 10:45:07
Башынды дебечи.
+3
osor
2017-12-27 10:46:52
Бир ушул калды эми арандап иштеп журсок отуруп алып айткан созун кара эми. Бул жерде тыйын табыш кыйын. Озбек таджиктерден патент аркылуу. Топтогон акчанар жетпей жатабы тойбой жатасынарбы соргоктор
+17
bosmos77777
2017-12-27 10:49:40
Орус мамлекетинин ушундай "ман" баштарынын акыбалынан. Орус мамлекети бутундой дуйного жаманатты корунот.
+10
nazi25
2017-12-27 10:57:03
Кыйратыптыр.Мигранттар кирбей коюшсунчу канча деген акчаларга зыянга учурашат экен.
+14
Dastanwanted
2017-12-27 11:01:50
Эми ушул эле калды эле. Биронун элине Султан болгончо.Оз элиме Култан болгон жакшы эмеспи. Орус ойюндагысын кылат.Андан коро озумдун Мамлекетимдин эканомикасын которгонум жакшы кичине болсо да иштеп. Футболго кеткен акчаны Орустар байкуш Мигрантардан чогулткусу келип атат да.
+10
daniel87
2017-12-27 11:44:23
Dastanwanted,туура айтасыз на конецта ушуну кичиге болсо да чондор сезип окмотко кичине болсо да Олкого конул бурганда аз кундо бутка турмакбыз!тентибей оз олкобуздо дочтор Тууган туушкандын арасында бала чаканын тушунда журмокбуз !колдон келсе Россиядан баш тартып маданиятты бийик онуккон олколорго барып иштеп жашаш керек!Европа Америка аракет кылалы
+2
modem4999
2017-12-27 11:08:54
450рубль экен мейли
-3
Begimkyz
2017-12-27 11:30:07
Баарыбир бир айласын таап кирип алабыз Орусияга. Черный списокту ойлоп чыгышты эле, биз ойлонбой туруп аты жонубузду озгортуп иштеп журобуз))
+15
Karban86
2017-12-27 11:31:29
Фамилиясын озгортуп алышат дегенин, ошолордон бери билип алыптырго
+6
daniel87
2017-12-27 11:39:38
Уятсыз жеп ичкен тойбогон депутаттар орустарда да толтура,мигранттардын зыянынан пайдасы коп билишет ошентседа бизсиз кайда барасынар дегендей кылышатда XXXX!мигранттарга асыла бергендин ордуна долдуробой ЖОНОКОЙ ЭЛДЕРИНДИН ЖАШОО ДЕНГЭЭЛИН КИЧИНЕ КОТОРГОНДУ ОЙЛОН БАШЫНЫ ИШТЕТИП!Орусиянын жонокой кичине айыл жерлериндеги айлык кийинки айга жетпейт!
+6
haydarkan
2017-12-27 13:36:56
Биздин урматуу жеп жутарлар бул маселени чечишет деген ойдомун
+3
SaLtY
2017-12-27 15:27:51
Орусияны жамандап эле калдынар,ушул жактан кичине бутубузга туруп,балдарыбызды ичинтип кийинтип атабыз.Чек арадан ай сайын отпойбуз го деги,бир жолу 500-600 салык толосок эчтеке болбостур.Кудайга шугур дейли патент толобойбуз озбек,тажиктердей болуп.Бул менин жеке оюм,орустарга тартып атасын дебениздер
+6
Bek_abad
2017-12-27 18:32:12
Айла жок толо десе толойбуз, бироолорду каргап шилтеп...
0
JaneEr
2017-12-27 20:15:16
15 мин доллардан кийинчерээк кымбаттатпаса болду...
0
bakulya2015
2017-12-27 23:47:24
Тообо эмне дештида билбей калдым. Тынчтык амандык болсун. Алыста жургон мекендештерибиз аман болунуздар. Башка олколор эмнелерди гана ойлошпойт а тообо. Биздечи тешиктен кирседа эшиктен кирседа туура жол менен кирседа баары бир. Наалыбаймго шугур. Бирок биз деле тартипти кучотсок болсо керек. Россиядагы мекендештерге эле кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан