Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жабылган "Сентябрь" телеканалынын жетекчилиги ноябрь айында кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылган.
Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Соттун соттук коллегиясы канал жетекчилигинин арызын карап, жыйынтыгында райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган телеканалдын жетекчилиги кабарлады.
Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотко кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон.