ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө кирди

1-январдан баштап ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө кирди. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

“2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамы боюнча бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. "ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Мисалы, буга чейин чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, Бажы кодекси ратификациялангандан кийин ал 4 саатка чейин кыскартылмакчы", - деп жазылат мыйзамда.

Буга чейин Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Буга карата президент Сооронбай Жээнбеков каршы пикир жөнөтүп, Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын уюштуруп, 1-январда күчүнө кирүү боюнча өзгөртүү киргизген.

Парламент жыйынында депутаттар мындай орой кемчиликтерди кетирген өкмөттүн кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан