Иранда нааразычылык акцияларында каза болгон 12 адамдын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-декабрда Ирандын жергиликтүү тургундары бийликке нааразычылык митингин башташкан. Жыйынтыгында коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы тирешүүдөн 12 адам каза болуп, жүздөгөн адам камакка алынган.
Митингге чыккандар өлкөнүн оор экономикасынын айынан бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык айтып чыгышкан. Алар полиция бөлүмдөрү менен аскердик базаны басып алууга аракет кылышкан. Ал эми Иран президенти Хасан Рухани өлкө жарандарын тынчтыкты сактоого чакырган.
Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын төрагасы Алаэддин Боруджердинин айтымында, бул митингчилердин аракетин Ислам революциясынын каршылары колдоп жатат.
Кийинчерээк жергиликтүү телеканалдар билдиргендей, Иран бийлиги өлкөдөгү кырдаал курчуп кетпеши үчүн Инстаграм жана Телеграм социалдык тармактарын жапкан.