Депутат Сайдулла Нышанов Бишкек-Ош жолунда унаалар тыгындан улам үч күндөп турганын айтты

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Бишкек-Ош жолунда унаалар тыгындан улам үч күндөп турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жаңы жылга чейин Ош-Бишкек жолу боюнча көйгөйлөр айтылды эле. Бирок көйгөйлөр жоюлган жок. Жол тазаланбай тыгындан унаалар үч күндөп жолдо турушту. Кыш мезгилине даяр эместигибизди билдирдик. Биз, баарыбыз кыш мезгили келе турганын билгенбиз да. Буга жоопкер адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек", - деди Нышанов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Калдарбек Баймуратов бул жол тыгынына өзү дагы кабылганын билдирди.

Буга чейин 30-декабрда КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров аталган жолду тазалоо боюнча өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан