ИИМ: "Орусияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен каттоодо турган"

Орусияда киши колдуу болуп каза болгон эки Кыргыз жаранынын бири кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен каттоодо турган. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынан 9-январда кабарлашты. Бирок буга чейин анын соттолгону же соттолгон эместиги белгисиз.

"Каза болгондордун бири Искендер Ж. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу мүмкүн деген шек менен 2015-жылы каттоого алынган", - деп билдиришти ИИМден.

Эскерте кетсек, Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп өлгөнү белгилүү болду. Алар 29-декабрь күнү кечинде Москва шаарындагы Люблино метросуна жакын жердеги "Алмаз" деген кафеге отурушуп, андан чыккандан кийин дайынсыз болуп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
samsungc3
2018-01-09 15:36:12
Аллах бейишиңерди берсин!
+4
Okna
2018-01-09 15:44:09
Жайынар жаннаттан болсун бирок ушу созду айтынтан мурда келгиле жакшы жургонго аракет кылалы ботон жерде журсок жооон эле кудайдеп журсок баары жакшы болот. Баарына озубуз себепчибиз Бирону какшатсан ушундай болот бир эле чаап олтуруп койот анан жакындарына эле кыйын болот алго олуп кетеберет калгандарга эле кыйында кышта зорго курсак багып журсок
+13
ori
2018-01-09 15:54:40
Айттым го мен факт менен суйлойм!
+3
Badr.Hari.
2018-01-09 16:09:45
Орусияда кунуно жок дегенде бирден кыргыз олуп жатат, авария орт киши колдуу, бизге билинбей канчасы не за что камалып кетишуудо. Вот бардак россия, вот мусор россия.
+9
madina.87
2018-01-09 19:02:35
Badr.Hari.,Ошол мусор Россиядан жакшвна эле
иштеп канча мекендешибиз уй жай салып,
бала чакасын багып журушот.
Кыргызстанда уйундо тынч жаткан эмчектеги
баласы бар келиндерди деле аёосуз олтуруп
кетип жатышпайбы!!!
Тынч журуш керек,каерде болбо,Аллахдан
амандыгынды тилеп журсон жакшы.
+5
Gulnyr19
2018-01-09 20:48:42
madina.87,туура айтасың Аллага шүгүр иштеп үй-жай кылып жатышат канча адамдар. Кайда болбойюу Аллахым өзү сактасын.
+1
Zainidin96
2018-01-10 00:09:53
Жакындарына Аллах сабыр берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан