Орусиянын Москва шаарында 29-декабрдан бери изделип жаткан 1980-жылы туулган Ж.Искендер Т. жана 1981-жылы туулган М.Мурат М. аттуу эки Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылып, киши колдуу болуп өлгөнү белгилүү болду.
Каза болгондордун бири Мураттын балдызы Айзада аттуу жаран 9-январда SUPER.KG'ге кайрылып, жездеси акча табуу үчүн Орусияга бир ай мурун кеткенин айтты. Анын айтымында, жездесинин киши колдуу болуп каза болушуна аны менен бирге каза тапкан Ж.Искендердин жүрүм-туруму себеп болушу мүмкүн.
"Жездем үй-бүлөсү менен Бишкекте жашап, өзү курулушта иштечү. 7 жана 8 жаштагы эки уулу, 9 айлык бир кызы бар. 7 жаштагы баласы төрөлгөндөн бери Гиршпрунг дарты менен ооруйт, башкача айтканда, заңы ичегилеринде катып, сыртка чыкпай ичеги тешиле баштайт. Кыргыз мамлекетинде 5 жолу операция жасалып, бирок натыйжа бербегендиктен Германиядан дарыланып келген. 15-февралда дагы операциясы болмок. Ошондуктан жездем акча табуу үчүн Орусияга бир ай мурун эле кеткен болчу.
Орусияга барганда Ж.Искендер деген классташына жолугуп, анын иниси менен бирге жашап турган экен. Себеби Искендер "ашыкча акча коротуп эмне кыласың, иним менен бир бөлмөдө жашай бер" дептир. Ошентип аны менен чогуу бир батирде жашап жаткан. 28-декабрда эжем менен байланышып "айлык алдым, 10-январга чейин жумуш болбойт, ошондуктан үйгө барып келсемби деп жаткам" дептир. Эжем экөө кеңешкенден кийин, келбей эле акчасын досу аркылуу салып жибермекчи болгон.
29-декабрда жездем, Искендердин үй-бүлөсү менен батирде бирге отурушуп, андан кийин экөө "Алмаз" деген кафеге барышкан экен. Ал жерден түнкү саат 3:00 чамаларында чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголуп кетишкен. Бирок жакындары кафеге кайрылып, алар кандай машинага түшүп кетишкенин, кимдер алып кеткенин билүү үчүн видеожазууну берүүнү талап кылышканда кафе ээси видеожазууну бербей коюптур.
Жездем мүмкүн Искендердин жанында болбогондо тирүү болмок. Айрым маалыматтарга караганда досу криминалдык чөйрө менен катыштыгы болгон экен", - деди Айзада.
Маркум Искендердин жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Редакция экинчи тараптын жообун угууга даяр жана окуя тууралуу дагы улантмакчы.