Москва шаарында көлмөлөрдүн биринин жанынан белгисиз 2 адамдын өлүгү табылгандыгы тууралуу маалыматты "Элдик кабарга" окурман билдирди.
"Сүрөттөгү 2 жигит 2017-жылдын 30-декабрынан бери изделип жатып, 7-январь күнү жансыз абалда табылыптыр. Аларды кыргыздар дешүүдө. Бул маалыматты бизге да мекендештер WhatsApp группа аркылуу жиберишти. Маалыматтарга караганда, алардын туугандары табылган. Болжол боюнча Өзгөн районунун Куршаб айылынын Шагым аймагынан деп жатышат. Экөө тең киши колдуу болуп каза болушкан", - дейт окурман.
"Элдик кабарга" бул тууралуу маалымат башка да окурмандардан келди. Маалыматтарга таянсак, учурда 2 маркум тең шаардын соттук-медициналык өлүкканасында. Алардын туугандары Кыргыз өлкөсүнөн Орусияга чыгары белгилүү болду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.