Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары абаны коюу түтүн каптап жатканын айтышып, тиешелүү жактарга кайрылышкан. Ошондой эле ал маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, анда абанын булганышына унаалардын эскилиги негизги себептердин бири экени айтылган.
Бүгүн, 10-январда таң эрте Бишкектин четине чыгып, шаар үстүндөгү кара түтүндү бийиктен көрүп кайттык. Чынында шаардын жогору тарабындагы абанын булганышы анчейин байкалбаганы менен, шаардын ортоңку бөлүгү менен ылдый тарабы кара түтүнгө курчалганын байкоого болот.
Бишкек мэриясы маселени жоюу үчүн шаардагы маршруттук таксилердин ордун супер технология менен жабдылган автобустарга алмаштырууну көздөп жатат. Тактап айтканда, мэрия Орусиядан 12 пайыздык үстөк насыя менен 50 миллион долларга 350 жаңы автобус сатып алууда. Автобустар жаз айларында алынып келет. Улуттук статистика комитети абага зыяндуу заттардын тарашы 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн белгилешкен.
Премьер-министр Сапар Исаков да Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиевди кабыл алып, ага Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун абага күлдү жана катуу бөлүкчөлөрдү бөлүп чыгаруусун төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган. Калиев Бишкек ЖЭБдеги эски от казан агрегаттарынын абага бөлүп чыгарууларын төмөндөтүү үчүн тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштерин өткөрүү менен түтүн газдарын кошумча тазалоо боюнча долбоор иштеп чыгуу зарылдыгын айткан.