Бишкектеги абанын булганышын өлчөй турган жаңы жабдуу сатып алынат

Абанын булганышын өлчөөчү жаңы жабдык сатып алынат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, жаңы жабдыктар “Мамлекеттик сатып алуулар” мыйзамынын негизинде сатып алынат. Тендерге катышууну каалагандар 3-январга чейин арызын жөнөтсө болот.

"Тапшырмалардын алкагында Орусия, Кытай, Америкабы биз койгон техникалык параметрге жараша абанын тазалыгын караган эки көмөк чордонун (подстанция) сатып алып келип коюп берет. Бүт талаптарга жооп берген заманбап аппараттар болот. Алар Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу иштерин жолго коюуга да жардам берет", - деди агенттиктин директору.

Рустамов Бишкек шаарындагы абанын булгануусу негизинен автоунаалардын көптүгүнө байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин Бишкек боюнча көмөк чордондору бар. Ал жактан тийиштүү маалыматтар келип, Кыргыз Республикасы боюнча анализ жүргүзүлөт. Ал эми Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганган деген маалымат туура эмес. Ар бир жыйынтык жүргүзүлгөн талдоолордун негизинде гана чыгарылып, расмий маалымат берилет", - дейт Рустамов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kairhai
2018-12-14 13:21:32
Болбогон идея. Абанын булганышы өлчөөчү жаңы жабдык жок эле көрүнүп турбайбы... Анан аба тазарып кетеби... Бул жөн эле акча коротуу да.
+6
aiba.8327
2018-12-14 13:38:18
Ошо да ортодон жон эле шылуудар пайда корот экен да....эх
+3
CHOTON_86
2018-12-14 14:19:29
Москвада олбой эле жашап ататго, канча деген мин машыналар бар...
+2
CHOTON_86
2018-12-14 14:33:13
Кок мээлер, жон эле кысып башка нерсе кылсанар болбойбу? Суу жетпеген эгин талаларга суу чыгарып берсенер болбойбу?
Таза суу жок жерлерге, суу чыгарып берсенер болбойбу?
+4
CHOTON_86
2018-12-14 14:48:12
Эшеке алтын жаабдык жапсан деле эшек бойдон калат экен. 5 гетар жерим бар суу жетпейт, жатат канча жылдан бери. Озум журом талаалап россияда уйбулом менен. Даагы суйунуп койушат мигранттар мамынча которушту деп. Андан коро мамынча экспорт кылдык деп качан суйуносунор? Журо бергиле главный озунордун уйбулонорду багып элдин аркасы менен. Биз журо берели тентип....
+6
Flowhive
2018-12-14 15:02:17
Аны орноткону кычкач керек да,$600$
+4
Baktikan
2018-12-14 15:31:55
Onukkon olokolor Koreaya Kitai abanin bulganishi menen kurosho albai jatishat kaidagi podstansiya Kirgyzstandi tazalap jibere beken
0
jaskaaa
2018-12-14 16:44:24
Бак даракты көбөйтсө эле аба тазарса керек.
+2
gulmira12345
2018-12-14 18:57:14
Кычкачтай кылып кымбат сатып алгыла прикол болуп буто турган болдунар
+2
make2
2018-12-14 19:29:08
1-светти арзандатып, конуштарды электр жылыткычка өткөрүш керек, 2-эң арзан бензинди алып келип, 92деп үстүнө 15 сом отуруп албай, азыраак отуруп сапаттуу бензин алып келиш керек
+4
mederkg
2018-12-15 06:09:22
Ошо аба текшергич сатып алгыча ошол акчага шаарды оңдосоңор көк меелер.ал аппараты олчойгон акчага аласыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан