32 жаштагы Баатырдын бир көзүнөн, мурдунан айрылышына 6 жашында жыгылганы себеп болгон

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Төбө айылынын 32 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө оорлошуп жатат. Учурда анын бир көзү жок, мурду да толук эмес экендигин апасы Саткын Баназарова SUPER.KG порталына бүгүн, 12-январда айтып берди.

Ал белгилегендей, Баатыр анын эң кичүү уулу. Ден соолугу чың төрөлгөн.

"6 жашында бети менен жыгылган эле, жаш балдар жыгыла берет деп маани берген эмеспиз. Бирок кийин бети карайып, ооруй баштаганда ооруканага алып барсак ириңдеп кетиптир дешти. Бетин тешип тазалашкан. Бирок ириң муну менен эле токтоп калган жок, улам-улам бетин тазалатканы алып барып жүрдүк. Кийин ириң сөөгүнө жетип кетиптир деп Караван шаарында дарыгерлер мурдунун четин алып салышкан, астыңкы эрини да ошентип кесилди. Көзү да алынды. Азыр тамак жей албайт, тиштери да түшүп калган. Суюк тамактарды оозун таңып эптеп ичет. Дарылап, таңган сайын анын териси четинен кертилип жатканын байкап жатам. Бизди биз тааныбаган эле жигит жолкиребизди төлөп Жалал-Абаддан Бишкекке алдырды, учурда анын үйүндө турабыз. Дарыгерлер дүйшөмбү күнү ооруканага жаткырабыз деп жатышат, бирок бизде анын жараатын тазалап, таңганга да каражат жок. Баламдын жүзүн сактап калууга элден жардам сурап кайрылып жатам", - дейт Баназарова.

Саткын Баназарованын өмүрлүк жолдошунун көзү өтүп кеткен. Баатырдан тышкары 4 баласы бар, алар 17 жылдан бери анын оорусуна каралашып келгени менен, дарылатууга каражаттары жетишсиз.

Ал эми аларды Жалал-Абаддан чакыртып, жардам берип жаткан Нурсултан Батыралиев өзү студент. Бишкектеги Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окуйт.

"Мен тааныштарым аркылуу Баатыр Баназаровдун абалы тууралуу уктум, атам ооруканада иштегендиктен аларды шаарга алып келүүнү туура көрдүм. Өзүм 2-курстун студентимин, жатаканада жашайм. Бирок Таш-Дөбө айылында үйүбүз бар, эже менен баласын ошол үйгө жайгаштырып койгом. Дарыканага жаткырып, дарылатуу үчүн аракеттерди көрүп жатабыз", - деди Нурсултан Батыралиев.

Жардамдашууну каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773679822.

6 жашында жыгылып, бир көзү менен мурдунан айрылган Баатыр Баназаров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
aza84
2018-01-12 12:42:04
Кудай озун колдой кор
+12
Musabaeva.
2018-01-12 13:33:58
Аллах ыраазы болсун!
+11
Azatbek83
2018-01-12 14:41:10
Азаматсын
+6
kyrgyzstan00
2018-01-12 14:53:31
Студент бала сени Кудай колдосун! !!!
+22
ekaterinburg
2018-01-12 15:26:27
Азаматсын студент!
+8
Totyua.71.
2018-01-12 16:04:27
Студент болсон да АЗАМАТСЫН! Омурун узун болсун! Бата менен когоро бер!
Ар бир эле жигиттин колунан келе бербейт бул иш!
+22
Ma9
2018-01-12 19:41:21
студентке чоон рахмат
+4
asdef
2018-01-12 19:49:25
Аллах ыраазы болсун!!!
+3
-Sumitra-
2018-01-12 19:53:11
Ай байкуш ай аман эле болсо экен.Журогум ооруп кетти.
+5
ALATOOLUK.JIGIT
2018-01-12 20:37:08
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетсин
+2
InsanIndira94
2018-01-12 22:40:49
Нурсултан,бар бол,кыргызымдын жигити!Сендей мырзалар коп болсо экен!Аллах ыраазы болсун!Байкеге бекем ден-соолук,шыпаа тилейм!
+3
Magusi
2018-01-12 23:12:01
Алла ыраазы болсун
0
nura.177
2018-01-13 00:34:31
Россияда жургондорго сбербанктан карта ачып чогулткандар болгондо жакшы болот эле. Болсо эгер жазып койгулачы
+2
kalima88
2018-01-13 02:08:31
nura.177,мага купуяга жазып койсоңор.
0
Medina03
2018-01-13 11:37:34
Алла ыраазы болсун!
0
Goodyer
2018-01-14 05:25:19
Молодец студент!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан