Байланыш операторлору Улуттук банктын электрондук капчык кызматына тыюу салуу ниетине нааразы

Кыргыз улуттук банкы мобилдик абоненттерге электрондук капчык аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Кыргыз өлкөсүндөгү байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев билдирди.

Анын айтымында, бул кызмат керектөөчүлөр арасында көптөгөн суроо-талаптарды жаратат, бир күндө эле электрондук капчык аркылуу 1 миллион 200 миң сом төлөмдөр ишке ашырылат.

"Бул Улуттук банктын электрондук капчык кызматын жабууга көргөн биринчи аракети эмес. Өткөн жылы да ушундай аракеттер көрүлүп, бирок коомчулуктун нааразычылыгынан улам электрондук капчыкты пайдаланууга тыюу салынбай калган. Биз электрондук капчыкты пайдаланууда кооптуу жагдай көрө алган жокпуз, тескерисинче өнүктүрүү керек. Адегенде коомчулуктун пикирин угуп көрүү менен Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары үчүн төлөмдөрдүн ылайыктуу ыкмасын тандай алабыз", - деген Күрөңкеев Улуттук банктын бул аракеттери Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына да дал келбей тургандыгын кошумчалады. Ал билдиргендей, Баш мыйзамда жарандын эркиндигин жана укугун чектеген нормативдик-укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынган.

"Төрт айдан бери Улуттук банк менен электрондук капчык тууралуу сүйлөшүүлөр оң жыйынтыгын бербей жатат. Бул мекеме электрондук капчык кызматына киргизиле турган өзгөрүүлөрдү изилдеген атайын кызматтык топ түзгөн. Эгер бул кызматты жокко чыгарсак жарандарга акчасын каалагандай бөлүштүрүүсүнө чек койгон болобуз. Төлөмдөрдү ишке ашыруу системин өнүктүрүү зарылчылыгы турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан