Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинен 16 даана ийне табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, наристенин апасы баласын рентгенге тарттыруу үчүн дарыгерлерге кайрылган. Мындан соң дарыгерлер дароо ага Ташкенттеги Республикалык илимий борбордо операция жасашкан. Операция тогуз саатка созулуп, дарыгерлер наристенин организминен 13 даана ийне алып чыгышкан. Наристенин жаш курагын эске алуу менен анын ичиндеги үч ийнени кийинки операция учурунда алып чыгуу чечими кабыл алынган.
Андан сырткары аталган маалыматта баланын денесине жүргүзүлгөн анализден кийин ийнелер анын денесинде бир жарым айдан бери жүргөнү аныкталганы айтылат.
Ошондой эле дарыгерлер ийнелер баланын денесинин ар кайсы бөлүгүндө экендигин аныкташып, наристе аларды өз алдынча жутуп ала алмак эместигин айтышкан. Укук коргоо органдары бул факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзө башташканы да жазылат маалыматта.