Сапар Исаков Швейцарияда Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөдү

Премьер-министр Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Исаков "Линейдик эмес дүйнө үчүн экспоненциалдык чечимдер" сессиясында сөз сүйлөдү. Аталган сессиянын ишине "Microsoft", "HP", "UPS" сыяктуу жана башка дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Сессиянын жүрүшүндө компаниялардын санариптик өзгөрүүлөрү боюнча аналитикалык маалыматтардын орду талкууланды.

Өз сөзүндө өкмөт башчы катышуучуларга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация боюнча программаны ишке ашыруу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка долбоорлор, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары премьер-министр Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын “Digital CASA” долбоорунун алкагындагы маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча аймактык борборду куруу боюнча долбоордун ишке ашырылышы тууралуу айтып берди.

Сапар Исаков Кыргыз мамлекети Борбордук Азиядагы "Ачык өкмөт" өнөктөштүгү эл аралык демилгесине кошулган алгачкы өлкө болгондугун баса белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, региондогу демилгеге кошулган биринчи өлкө болуу - бул чоң сыймык, ошол эле учурда - бул чоң жоопкерчилик.

"Кыргыз Республикасы демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча өлкөдө ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат. Өкмөттүн ишиндеги негизги принциптердин бири ачык жана таза саясат жүргүзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө өлкөдө жарандардын биометрикалык маалыматтары чогултулуп, ошондой эле бийликтин демократиялык түрдө алмашуусу боюнча тийиштүү шарттар түзүлгөн", – деп белгиледи Сапар Исаков.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумунда 1998-жылдан бери көрсөтүлгөн эмес. 2018-жылы иш-чаранын уюштуруучуларынын чакыруусу менен премьер-министр Сапар Исаков башында турган кыргыз делегациясы ДЭФ ишине кайрадан катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан