Ак Үйдүн алдына "Трансформация" кыймылы митингге чыкты

Бүгүн, 24-январда Ак Үйдүн алдына "Трансформация" кыймылы митингге чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган кыймылдын жетекчиси Бекназар Айталиев билдирди.

Алардын талабы Чүй облусундагы 20 миңге жакын үй курулган жерлерди трансформациялоо. Айталиев билдиргендей, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин аппаратынын башчысы Айтмамат Назаров митингге чыккандарды кабыл ала турганын айткан.

Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну Марипа Усубалиева балдарын бала бакча, мектепке киргизүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын айтты. "Эч жерде каттообуз жок балдарыбызды мектепке, бала бакчага киргизе албай жатабыз. Депутаттардан биздин жерибизди документтештирип беришин талап кылабыз", - деди Усубалиева.

Эске салсак, 22-январда аталган кыймыл өкмөт үйүнүн жана Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышкан. Аларды Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин аппаратынын башчысы Тилек Мусаев кабыл алып, 24-январда бул маселени карап бере тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан