КСДПчы Момбеков "Ата Мекенчи" Шыкмаматовго чыккан соттун өкүмү адилетсиз деди

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сотторду тандоо кеңешинин 4 талапкери депутаттардын суроолоруна жооп берди. Бул учурда КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков талапкерлерге кайрылып, учурда өлкөдөгү жарандардын 90 пайызынын сотко ишеними кеткенин айтты.

"Кезинде Аскар Акаев "сотторго 80 пайыз эл ишенбейт" экен деп чок тебелеген тооктой чочуган. Азыр сотторго карапайым калктын 90 пайызы ишенбейт десем аша чапкандык болбойт. Бизге түшкөн кайрылуулардын 90 пайызы соттун чечимдерине болгон нааразычылыктар. Бул чындык!

Эми 10 миллион жеген аткаминерге бир жарым миллион айып салынып, эч нерсе жебеген Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион айып салынып жатса, каяктагы адилеттүүлүктү айтабыз? Сотторду соттор соттобойт, кордобойт, сорттобойт. Сотторду тандоо кеңеши, сотторду камдоо кеңешине айланып калган. Жогорку Сот деген жомокчу сотко айланып калганы да чындык! Ошолорду тартипке сала турган комиссияга соттордун өздөрүнүн барганы кызык. Бул деген тоок фермасына түлкүнү жетекчи кылып, карышкырды койчуман кылганга барабар", - деди Момбеков.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутат Алмамбет Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салган. Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
medet1983
2018-01-24 16:14:13
Вот это другое дело.В точку попал.
+7
Karban86
2018-01-24 16:14:39
Эркекче соз болду
+9
kirgiz.....
2018-01-24 16:25:37
ушундай экенин баары эле билип турса да билмексен болушат
+7
tokoev87
2018-01-24 16:48:37
Ксдп партиядан реалный сөздү эң туура айтыңыз
+8
Mers124
2018-01-24 16:57:56
Туура сүйлөп калган го.
+3
barsbegKG
2018-01-24 17:44:58
Шыкмаматов жөнүндө туура айтты Текебаев жөнүндө ким айтат??? Же күнөөсүн далилдедиңерби? Дача СУ жөнүндө ким айтат? Же жүктүн ээси табылдыбы? Түркиянан келген кишинин башында айткан сөзү менен, кийин айткан сөзү башкача чыгып калды го. Жүктүн ээси улуу урматтуу бирөө деп эле айтпайсыңарбы!
+5
Petrovka
2018-01-24 17:57:39
Эми КСДПдан куулбаса болду депутат айткан созу учун
+5
ALATOOLUK.JIGIT
2018-01-24 19:20:49
Жазда ЖК тарайт дегенге алдын ала очко иштеп атат. Мурда АШАнын кошоматчысы болчу.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан