Депутат суук түшкөнүнө байланыштуу окуучуларга он күнгө дем алыш жарыялоону сунуштады

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев суук түшкөнүнө байланыштуу окуучуларга он күнгө дем алыш жарыялоону сунуштады. Эл өкүлү өлкө аймагында суук аба ырайы өкүм сүрүп жаткандыктан окуучулар ооруга чалдыгып калбашы үчүн, күн жылыганга чейин дем алыш берүү керектигин айтты.

"Эшикте -30... -40 градуска чейин суук боло баштады. Балдар мектепке бара албай, барса кагаз кармай албай кыйналып жатат. Ошондуктан 10 күн же бир жумага дем алыш берсек. Тоолуу райондордо, шаардын ичинде -30... -40 градус деген өтө суук. Ошондуктан балдар мектепке күн жылыгандан кийин барса болот. Калчылдап эртең менен саат 7де туруп үшүп, тоңуп оорулуу болуп калат. Балдар биздин келечегибиз болгондон кийин ушул маселеге көңүл бурсак", - деди Жолдошбаев.

Депутат Улан Примов да Жолдошбаевдин сунушун колдоду.

"Айыл жеринде мектептерге баруу кыйынга турууда. Жер-жерлерде жалпы эле билим берүү багытында бир жума дем алыш берүү сунушун колдойт элем", - деди Примов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Petrovka
2018-01-25 10:05:24
Эн туура болмок деп ойлойм балдар эмес чон эле биз эшике чыккын келбейт суукта
+2
Jaziko80
2018-01-25 10:14:40
-30 боло элекго.
-4
azim2
2018-01-25 10:34:01
Аябай эле суук болуп жатат. Чын эле балдарга кыйын эле тан атпай мектепке барышат. Мен да кошулам кошумча каникул берсе жакшы болот эле
+1
urmat94
2018-01-25 10:48:46
Бишкекте ошондой суук болтабы -30 -40 билгендер айтып койгулачы Ошто минусу тушолекго
+3
urmat94
2018-01-25 11:01:05
Минуска
0
amirrus
2018-01-25 11:24:26
Ошто жылуу эле анчалык суук боло элек
+1
zhykyo
2018-01-25 11:37:16
Эсалдыралычы балдарды
0
azim2
2018-01-25 11:38:28
Нарында суук эле болуп жатат
+1
Piligrim
2018-01-25 12:21:28
Эс алуу беришиптир 5 кунго. 30на чейин каникул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан