Бахтияр Салиев: "Өлкө боюнча 161 айылдын макамы жок"

Өлкө боюнча 161 айылдын макамы жок. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдирди.

КСДП фракциясынан депутат Улан Примов Бишкек, Ош шаарларында таза суу жоктугун айтты. "386 айылда таза суу жок деп айтып жатасыздар. Бул эсепке жаңы конуштар дагы кирдиби?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдиргендей, жаңы конуштардын айыл макамы жок. "Жаңы конуштардын айыл деген макамы жок болгондуктан 386 айылдын катарына кирген жок", - деди Кенекеев.

Депутат Алай районунун Гүлчө айылында таза суу маселеси чечилбей жатканын белгиледи.

Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоонун жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында, аталган айылга таза суу киргизүү боюнча республикалык бюджеттен каражат каралып жатканын айтты.

Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк саат өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан