Бишкекте суукта үшүп калган тургундар административдик жайларга кирип жылынып алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жылынуу жайлары райондук административдик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринде, ошондой эле муниципалдык кызматтарда уюштурулду. Ал жакка көчөдө баратып, үшүп калган шаар тургундары кирип, жылынып, андан соң жолун уласа болот.
Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда өлкөдө суук күчөп, күндүз Бишкекте абанын температурасы -16 градуска чейин төмөндөй турганын, айрым тоолуу аймактарда -30 градус боло тургандыгын эскерткен.