Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Рысбай Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары 90 жыл мурун курулган имаратта окуп келишет. Окурман 24-январда SUPER.KG'ге кайрылып "эң коркунучтуусу дубалдар урап жатат. Тез арада комиссия түзүп, көзөмөлгө албаса балдар окуп жатканда урап калса ким жооп берет?" - деп суроо салган.
Райондук билим берүү башкармалыгынын курулуш боюнча башкы адиси Урбай Кенеев порталга бүгүн, 31-январда кабарлагандай, бул мектептин ордуна быйыл жаңы мектеп курулбайт, балдар окууларын ушул эле мектепте улантышат.
"Чынында мектептин абалы өтө начар. Жаңы мектеп куруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылганбыз. Министрликтин жообу Ош облустук билим берүү башкармалыгы аркылуу бизге келди. Ал жоопто мектеп 2018-жылы эмес, 2019-жылы курула турганы көрсөтүлгөн. Себеби, быйыл жалаң гана курулушу жарым-жартылай болуп турган мектептер бүткөрүлөт экен. Рысбай Конкошев атындагы мектептен сырткары кооптуу абалда турган дагы 3 мектеп бар. Алар дагы киргизилген жок", - деди Кенеев.
Анын айтымында, №12-орто мектептин имараты 1932-жылдары курулган. Учурда 500 окуучу билим алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 2016-жылы мектепти 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарып, пайдаланууга тыюу салган.
Кенеев быйыл бүткөрүү керек болгон мектептердин ичинен 10 мектепти планга киргизгенин кошумчалады. "Курулушу жарым-жартылай болуп турган 10 мектеп, 1 бала бакча, 4 спорттук зал быйылкы жылдын планына киргизилди", - деди ал.