БШК: "Каза болгон Калмаматовдун ордуна тизме боюнча депутат болуп келе турган талапкер ооруканада жатат"

"Кыргызстан" фракциясы каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна депутат болуп келе турган талапкерди Борбордук шайлоо комиссиясына сунуштай элек. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, Жыргалбек Калмаматовдун ордуна "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келе турган талапкер ооруп, ооруканада жатат. "Мыйзамда бош калган мандатты тапшыруу боюнча мөөнөтү жазылган эмес. Учурда БШК аталган фракциядан сунуш күтүп жатат. Партиянын тизмеси боюнча кезектеги талапкер Москвада ооруканада жатыптыр".

"Кыргызстан" фракциясынын катчылыгы SUPER.KG'ге билдиргендей, бул маселе азыркы учурда партияда чечилип жатат. "Кийинки жуманын башында ким депутат болуп келе турганы белгилүү болот. Тизме боюнча Насыр Мусаев турат. Ал ооруп жатканына байланыштуу чет мамлекетте жүрөт", - деп билдирди катчылык.

Эске салсак, 19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан