Камакта жаткан оппозиционерлер Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялашты

Камакта жаткан оппозиционерлер Бектур Асанов менен Эрнест Карыбеков ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"30-январда ачкачылык жарыялашкан, мурда алар УКМКнын абагында кармалып турушкан. Бирок УКМКнын абагында алардын ден соолугуна медициналык көзөмөл жүргүзүп турууга мүмкүнчүлүк жок болгондуктан кечээ, 31-январда 47-колонияга которулду. Азырынча алар кандай талаптарды коюп жатышат белгисиз, бизге өз талаптарын арыз түрүндө жазып берише элек", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2018-02-02 05:17:14
Ачкачылык эмес башкасын жарыяласаңарда чыгарбайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан