Бишкекте кыздар төшүн жылаңачтап бийлеген түнкү клубдун кызматкерлерине жана "бийчилерге" сот эскертүү берди

Кыздарга жылаңачтанып бийлөө боюнча сынак уюштурган Бишкектеги түнкү клубдун жетекчилигине коомдук тартипти бузгандыгы үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видео интернетке тарагандан кийин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп сынакка катыштыгы бар адамдардын баарынын аты-жөнү такталган. Андан кийин топтолгон маалыматтар, коомдук тартиптин бузулгандыгы тууралуу түзүлгөн протокол Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

“Сот ишти карап чыгып клубдун 1983-жылы туулган администратору К.О.ну жана ошол күнү төшүн жылаңачтап бийлеп, уюштуруучулардын сынагында утушка ээ болгон 30 жаштагы К.Ф аттуу кызды коомдук тартипти бузган деп таап, эскертүү берди", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин жазылгандай, сынактын жеңүүчүсүнө 200 доллар акча убадаланган.

Айжан Байзакова

Айта кетсек, социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн "чуулуу" сүрөт, видеолору менен белгилүүлүгү арткан казакстандык Айжан Байзакова аттуу кыздын уюштуруусунда эс алуучу жайда кыздар жылаңачтанып бийлегендеги видеосу интернетке тараган. Алар да түнкү клубда көпчүлүктүн көзүнчө бийлеген. Анын бул ишин жергиликтүү тартип сакчылары текшерип чыгып, коомдук жайда этика нормаларын сактабагандыгын аныкташкан. Жыйынтыгында ал 3 суткага камакка алынган. Ал эми эс алуучу жай жабылган.

Түнкү клубда кыздар сынак үчүн чечиништи
Бишкектеги түнкү клубда кыздар акча үчүн төшүн жылаңачтап бийлешти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
sabyrer82
2018-02-02 17:00:01
Эх аттин аттииин сотун деле болбой калды го...буларды 15 сутка анан 10000 мин айып салыш керек болчу...
+2
aruuzatmeka
2018-02-02 17:03:31
Акыр замандын,кыяматтын белгиси,Аллахым озу ыйман берсин.Ушундайлардын айынан дуйнодо да уй-булолордо да тынчтык бактылуулук жоголуп жатат. Ар кандай жамандыктар да ушундайлардын айынан,Кудайдын каарына калбасак болду.
+5
aruuzatmeka
2018-02-02 17:09:59
Журогум ооруп ыйлагым кетти,баарыбызга ыйман берсин
+3
Pandora
2018-02-02 17:41:14
Не казактардай жоксунарбы? Ошончолук териштиргенге жараша баарын 5суткадан камап,коомдук ишке тартып,акчалай штраф салышынар керек болчу.
Дешёвкалар!!! Ар намысы жоктор!!! Деги ата-эне,бир тууган эркенигер барбы уйдо?
+5
Baku88
2018-02-02 18:15:52
Жанагы былтыйган былтык депутат ушуларды көрүп уялбайбы деле уяттуу болуп көрүнүп атат эле
+4
Baku88
2018-02-02 18:17:33
Эми буларды коруп башыны шапкен мн бекитпей мойнунан кесип ыргытып жиберсен да болот биз ойлоп калалы аябай уяттуу киши экен деп
+3
ayana16
2018-02-02 19:29:39
Ай кокуй биринчи бул кыздар кыргыз бекен ошону билгиле.кыргыз кыздары деп жазбаптырго.может орустардыр.аларга боло берет.
-2
ashuular_plus
2018-02-02 21:32:56
Жөн эле эскертүү берип койбой тууган-уругуна, ата-энесинин, тааныш-билиштеринин алдына алып чыгып уяткарып коюш керек эле да.
+3
Firdaus-Muslim
2018-02-02 21:45:46
Ушундай зынакорлордун айынан жер титирөөлөр көп болуп атат.
+3
Koichuman
2018-02-02 21:58:08
Жаман жургонунор озунорго корунсун!!!XXXX кыргыздын аброюна шек келтирип силердейлер шерменде кылат.
+3
Nevestkaa
2018-02-02 22:08:56
Кыргыз кыздарбы булар ужааассс...бул видеону ата эне бир туугандарына жөнөтүш керек эле да.
+3
Yiman97
2018-02-02 23:18:39
буларды камаш керек баардык нерсе ушулардын айынан болтат бети жок уятсыздар

+2
aerforce
2018-02-03 00:25:09
Айжан Байзакова жаланач бийлебеген ал конкурс уйуштурган менимче алдында эки кыз энеден туума жаланач бийлешкен заман озгоруп орустун кылганын кылып жатабыз орус ойундагысын кылат дейт битке тенелип койнокту орттобойлу
+3
rruslan88
2018-02-03 10:24:42
Бул кыздар соттун алдыда да ушинтип бийлеп берсе.анан эсекртуу берип оздору да кызыкчылыгын бутуруп алдыда.эгер чынында уятту, мусулман, эркек, намыстуу, сот болгондо камайт эле.
+2
SaLtY
2018-02-03 14:35:11
Байзакова бийлебей эле бийлеткен да кыздарды клубга келген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан