Бүгүн камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячылдардын жакындары митингге чыгышат

Бүгүн, 5-февралда камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячылдардын жакындары митингге чыгышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.

Анын айтымында, митинг №47-колониянын алдында өтөт. "Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков ачкачылык кармаганына бир нече күн өттү. Алардын ден соолугу кандай экенин билели деп жатабыз. Ачкачылык кармагандар жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына каршылык көрсөтүп жатышат. Ошондой эле УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин отставкасын талап кылышууда. Бүгүн өтө турган акцияга камактагы оппозициячылдардын жакын туугандары катышат", - деди ал.

Эскерте кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.

2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.

Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай тургандарын айткан.

"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан