Бүгүн, 5-февралда камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициялык саясатчылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун жакындары митинг өткөрүп жатат. Митинг №47-колониянын алдында өтүп, анда 20га жакын адам катышууда.
Аталган митингди уюштуруучулардын бири "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Мараттын айтымында, алар ачкачылык жарыялап жаткан оппозициячыл саясатчылардын талабын колдоо иретинде митингге чыгышкан.
"Ачкачылык кармаган 3 саясатчынын талаптарын толук колдойбуз. Алардын талаптарынын негизгиси УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевди кызматынан кетирүү, биздин да талабыбыз ошол. Ошондой эле биз алардын ден соолугунун абалын билгени келгенбиз. Жактоочу кирип кетти, чыкса билебиз", - дейт Зульфия Марат.
Эскерте кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.
2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.
Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай тургандарын айткан.
"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.