Президент Сооронбай Жээнбеков 24.кг сайтына салынган айып пулдан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда аталган сайт жазып чыкты.
Анда президент Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун сот аткаруучулар кызматына кайрылып, сайттан талап кылган 5 миллион сомдук айып пулдан баш тартканын билдиргени жазылган. Бул боюнча маалыматты сайтка сот аткаруучулар берген. Маалыматка ылайык, журналист Кабай Карабековдон 5 миллион сом өндүрүү боюнча арыз чакыртып алынган эмес.
Бул тууралуу азырынча президенттик аппарат жооп бере элек.
Эске салсак, 11-сентябрда аталган агенттикке Кабай Карабековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барганы боюнча "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген макаласы жарыяланган. Анда Москва тарапты "ага-ини Жээнбековдордун радикалдуу араб уюмдары менен тыгыз байланышы бар болушу мүмкүн" деген Кыргыз жана Орус атайын кызматтары берген маалымат тынчын алып жатканы тууралуу жазылган. Мындан улам ошол кездеги президенттикке талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы сотко кайрылган.
Ишти Бишкектеги Свердлов райондук соту карап 5-октябрда Кабай Карабековдон жана 24.кг агенттигинен 5 миллион сомдон айып пул салуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык сот күчүндө калтырган.