Рак илдетинен улам көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн ажыраган Баназаров дарылануусун Индияда улантат. Ага 7 миң доллар карапайым элден топтолду

Рак илдетинен улам бир көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн жана үстүңкү эрининен айрылган Баатыр Баназаров дарылануусун Индияда улантат. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 6-февралда SUPER.KG порталына ага жардам берип, каражат топтоп жаткан Нурсултан Батыралиев билдирди.

Анын айтымында, бейтап ооруканада 8 күн дарыланып, үйгө чыгарылган. Учурда жардамдан топтолгон каражатка Бишкек шаарынан батирге акча төлөнүп апасы экөө жашап жатат.

"Баатырдын абалын айтып, жардам сурап кайрылгандан бери биз ачкан эсепке 6 миң 400 доллар каражат топтолду. Мындан тышкары бизге чейин жаш дарыгерлер да атайын эсеп ачып, акча ошол жакка топтоло баштаган эле. Алар 32 миң сомду, кийин дагы топтолгон 11 миң сомду алып келип беришти. Ошентип 7 миң доллар каражат чогулду. Бул акча жалаң гана жөнөкөй жарандардын жардамы менен топтолду. Көпчүлүгүн чет жерде иштеп жүргөн мигранттар салышты", - дейт Батыралиев.

Ошондой эле ал Баатырдын Индияга барып дарылануусуна каражат жетишсиз болуп жатканын айтты.

"Дагы 2 миң доллардан ашык каражат керек болуп жатат. Кыргыз элинин арасында боорукер, кайрымдуу адамдар көп экен, ушунча каражат топтолду. Эми дагы азыраак акча топтолсо Индияга барып келгенине жетип калмак. Буга чейин Жогорку Кеңешке барып 120 депутатка даректелген кайрылуу каттарды таштап келгем, бир да катка жооп болгон жок. Министрликтерден, мамлекеттик кызматтардан да эч кандай көңүл буруу болгон жок", - деп кошумчалады ал.

Ал эми Баатырды онкологиялык ооруканага жаткырып, азыркы учурда күн сайын үйүнө келип, бетин дарылап таңып берип жаткан Улуттук онкологиялык борбордун дарыгер-ординатору Азамат Кошалиев буларга токтолду.

"Баатырдын абалы оор бойдон, мен жана менин тааныш дарыгер досторум келип кабар алып турабыз. Учурда ооруну сездирбөөчү дары-каражаттарды берип жатабыз. Биз Баатырдын сүрөттөрү менен илдеттери тууралуу Түркияга, Индияга жана башка өлкөлөргө жөнөттүк. Алардын ичинен ылайыктуусу жана каражат жагынан да арзаныраагы Индиядагы клиника болуп чыкты. Андагы онкологиялык бөлүм дүйнөдөгү күчтүү делген оорукана болуп эсептелинет экен. Ал жакта бейтапка диагноз коюлат, андан кийин 4-5 курс химиялык дарылоо жүргүзүлөт. Ошонун негизинде калган дарылоолор кандай жүргүзүлөрү белгилүү болот. Атам онкологиялык борбордо иштегендиктен биргеликте биздин жабдыктарды жакшылап изилдеп чыксак, Баатырдын бети канап кетчүдөй болуп жатат. Ошондуктан аларда жабдыктар жакшы болгондуктан ошол жакка алып барууну туура деп таптык", - деди ал.

Ошондой эле дарыгер Баатыр Баназаров Индияга бара тургандыгын уккандан бери маанайы көтөрүлүп калгандыгын белгиледи.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 32 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773679822.

Рак илдети бетинин жарымын жеген Баатырга Индиядан үмүт жанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kalpak.kg92
2018-02-06 18:30:49
Алла шыпа берсин...алладан гана болот.беруучу.алуучу алла
+19
Magusi
2018-02-06 18:33:34
Аллахым шыпаасын берсин. ..Элимден айланайын
+15
miss2014
2018-02-06 18:53:21
Ии жакшы болуптур ,Алла шыпаасын берсин ,айыгып кетсин
+9
Saidochka
2018-02-06 19:03:18
АК Уй тараптын тымпыйганы ото уят иш,шерменделик!жонокой Эл ушунчалык акча топтоп отурса,акчасын кайда жумшаарын билбегендер билмексен:(
+8
ayana16
2018-02-06 19:07:21
Алла шыпаасын берсин
+3
NeRiNa
2018-02-06 19:37:24
Ылайым сакайып кетсе экен, кыргыз элимден айланайын чын эле. Ылайым, бул жакшылыгынар эки эсе кайтсын.
+6
asad345
2018-02-06 20:33:48
Аллах озу колдосун!
+4
-Sumitra-
2018-02-06 20:35:50
Элимден айланайын.Аллах шыпаа берип,айыгып кетсин.Жардам корсоткондорго Аллах жуз эсе кайтарсын!Анан жанагы студент балага да чоон рахмат!Аябай ыраазы болуп,козумо жаш тегеренип кетти.
+7
Aliyar-Bei
2018-02-07 03:35:24
Яа Шаафии, Алла Өзү шыпаасын берсин! Элибизден айланса болот. Берешен, колу ачыктар! Ырыскыңарды Улуу Алла ондон жети жүз эсеге чейин көбөйтсүн!!!
+4
bema_bema
2018-02-07 04:21:58
Сбербанктын картасы болсо чыгарып койгулачы сурап супер инфо
+3
admin_superstan
2018-02-07 09:52:45
bema_bema, жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773679822.
0
new-citi
2018-02-07 08:54:50
Кыргыз элимдин ынтымагына соз жок
+2
asdef
2018-02-07 09:02:32
Аллах ыраазы болсун!!!Акча бергендерге чогултканларга кызмат кылгандарга
+1
jamakeev2015
2018-02-07 10:35:46
Аллах жардам шыпаасын берсин айыгып кетсе экен
+1
gulmira12345
2018-02-07 10:45:16
Токол алган топоздор берсин акчасын не кылып туготушун билбегендер
+2
omka100514
2018-02-07 18:15:16
Сотторго акча берип бироолорду каматкыча ушундай жарандарга жардам беришсе соопкко деле калмак
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан