Түштүк Кореядагы мекендештер Кыргыз өлкөсүнөн барган Олимпиада оюнчуларын кызуу тосуп алышты

Кечээ, 6-февраль күнү Түштүк Кореянын "Инчон" аэропортунан аталган өлкөдөгү Кыргыз мамлекетинин элчилиги Кышкы Олимпиада оюндарына катышчу спортчулар Евгений Тимофеев менен Тариэл Жаркымбаевди тосуп алды. Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан баштаган элчиликтин кызматкерлери менен кошо Кореядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү спортчуларды улуттук даам менен жылуу тосуп алышкан. Делегациянын курамында спортчулардын машыктыруучулары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлдөрү да бар.

Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан спортчуларга ийгилик каалап, мамлекеттин туусу желбиреген маанилүү жана масштабдуу иш-чарага катышууга алып келген алардын талыкпас эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Түштүк Кореядагы мекендешибиз жана Сеул шаарындагы чет өлкөлүк жарандардын коомунун төрайымы Урпияна Тураевага байланышсак, спортчуларды толкунданып тосуп алышканын айтып берди. "Алардын учуп келишин күтүп жатканыбызда Кыргыз мамлекетинин гимнин ырдап, "Кыргызстан" деп чогуу кыйкырабыз деп сүйлөшүп алып, аэропорттогу көп адамды көзгө илбей даярдык көрдүк. Менин байкашымча, спортчулар бизди мындай деңгээлде тосуп алат деп күткөн эмес окшойт. Кубанып жатышкандай көрүндү. Мен боорсок бышырып көтөрө баргам. Дагы бир мекендешибиз бал менен сары май ала келиптир. Дагы бири шарларды көтөрүп келиптир. Жигиттер калпактарын кийип, жакшы маанайда жолдун алыстыгына карабай келишти. Ошентип спортчуларыбызды салтанаттуу тосуп алдык", - деди Тураева.

Олимпиада оюндарынын катышуучулары аэропорттон ары жарыштарга даярдана турган жайга жөнөп кетишти.

Эске салсак, буга чейин Өзбек жаранынын Түштүк Кореядагы Кыргыз элчилиги олимпиадага келген спортчуларын тосуп алышканын көрүп, өз элчилигине нааразы болгону тууралуу маалымат жазылган.

Маалымат үчүн: Кышкы Олимпиада оюндары Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль аралыгында өтөт. Анда Кыргыз мамлекети 2 спортчу менен көрсөтүлөт. Тариэл Жаркымбаев классикалык кыска аралыктагы лыжа менен жарышка чыкса, Евгений Тимофеев гигант слалом жана слалом түрүндө күч сынашат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
samsungc3
2018-02-06 17:48:12
Коргон адам суктангыдай тосуп алышыптыр.Азаматтар десе! Желегибизди бийиктерге желбиреткиле!
+17
Eksvp_1
2018-02-06 18:02:32
Азаматтар, жалгыз барса да колдош керек. Кыргызга күйгөн элчи окшойт.
+7
gute
2018-02-06 18:14:53
Кылычбек Султановду Россияга элчи кылгылачы. Россияда биздин Элчи ким экенин билбейм же Россиядагы элчибиз мындай иш кылыптыр жердештер менен жолугуптур деп эч уга элекмин.
Бул киши келсе бир нерсе озгороор
+24
Dalil
2018-02-06 22:00:40
gute, туура Москвадагы элчиликке барсаң акча бересинби дегендей эле карашат. Ишиң түшүп барсаң акчасыз жардам беришпейт. Мекендештердин ал акыбалын сураганын айтпай эле кой. Кылычбек Султанов Россияга элчи болсун деп кол топтоо керек деп ойлойм. Элчи болуп калса көптөгөн мекендештерге пайдасы тиймек. Кылычбек Султановдун кылган иштери мактоого татыктуу. Азаматсыз сиздей иштерман патриот эр жигиттерибиз бар экенине сыймыктанабыз!
+8
jumaev0084
2018-02-07 02:23:39
gute,Москвадагы элси Отунбаев болсо керек еалганын озун билеерсин ким экенин
-3
engel
2018-02-06 18:56:02
Озбекстандын элчиси жакшы тоспой койгон го. Молодец Кылычбек Султанов и ошол жактагы мекендештерибиз! Эми байге менен келишсин буйруса!
+6
Dembele84
2018-02-07 02:51:17
К.Султанов буга чейин Малайзияда элчи болуп турганда да коптогон жакшы иштерди жасаган.Ошондой инсан керек Москванын элчилигине.А спортчуларыбызга ийгилик,бирок медаль эмес 10-орунга илешишине шанс жок!
-4
Girl1996
2018-02-07 07:28:00
Dembele84, жакшы ниет жарым ырыс.
Анан калса ошол жакка барып, Кыргыздын атын чыгарып жатканы озунчо бир сыймык
0
DAKS
2018-02-07 05:05:10
Посол Кылычбек Султанга рахмат,
6миллион калкы бар Кыргыздын 2 баласы эле калганбы,
айтор калган спортчулар олконун намысын 2 жигиттин белине бууп жибергендей корунот.
Чондор Спортко конул буруп артыбызды бир карап койсок болот эле, атаганат....
+2
Sizge.kat
2018-02-07 08:30:38
Озбек туугандар таарынбай койсонор деле болот болгону жакшы элчилике туш болдунар башка мамлекетте отсо эгер биз да ушинтип арман кылат элек
+4
NURSAPAR
2018-02-07 08:31:56
Азаматтар кыйла дем күч беришиптир. Спортсмендерге ийгилик
+2
Emilzima
2018-02-07 17:18:39
азаматсынар! ынтымак болсо баары болот.спортчуларыбызга ийгилиииикк!!!!
0
arzygulR
2018-02-07 19:56:26
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан