Кыргыз балбандары Иранда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Кыргыз спортчулар Ирандын Тебриз шаарында өтө турган эркин күрөш боюнча "Takhti Cup" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Күрөш федерациясынан билдирди.

8-9-февраль аралыгында өтө турган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышат. Алардын ичинде Дүйнө чемпиондугунун (2016-жыл) коло медалынын ээси Эламан Догдурбек уулу бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

57 килограмм салмак ченинде: Алмаз Сманбеков;

61 килограмм салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков;

65 килограмм салмак ченинде: Эрназар Акматалиев;

70 килограмм салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу жана Мансур Сыргак уулу;

79 килограмм салмак ченинде: Атай Изабеков;

86 килограмм салмак ченинде: Динислам Таалайбек уулу;

92 килограмм салмак ченинде: Бактияр Карагул уулу;

97 килограмм салмак ченинде: Айбек Юсупов;

Машыктыруучу: Руслан Мажинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан