"Жакыныңызга тез арада акча керек, кырсыкка кабылды" деп телефон аркылуу алдап жүргөн шылуундар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош шаардык ички иштер башкармылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмүнүн оперативдүү иш-аракеттеринин натыйжасында, өткөн жыл аралыгында бир нече адамдарды телефон аркылуу алдап, ири суммадагы акчаларын алып жүргѳн жаран кармалган. Ал 1981-жылы Ноокат районунда туулган, мурда 9 жолу соттолгон Мухаметали Абдивапов болгон.
"Ал жаза ѳтѳѳ мекемелеринин биринде жазасын ѳтѳп жатып 7 адамды телефон аркылуу алдап, акчаларын кылмыштуу шериги болгон аял киши аркылуу алып тургандыгы маалым болду. Милиция тарабынан анын жасаган кылмыштары боюнча тиешелүү далилдер табылып, анын мурдагы жасаган (алдамчылык) кылмыштары боюнча ѳтѳп жаткан кылмыш мѳѳнѳтүнѳн калган 9 жылына кошумча дагы 16 жыл кошулуп, жалпысынан 25 жылга Ош шаардык соту тарабынан эркинен ажыратылды. Жабырлануучулар аны үнүнѳн таанышты. Үн боюнча атайын экспертиза дагы алдап чалган үн Мухаметали Абдиваповго таандык экендиги тууралуу корутунду берген", - деп жазылат маалыматта.
Ишенчээк жарандар акчаны анын шериги болгон аял кишиге алып барып берип турушкандыгы жазылат маалыматта.
Телефон чалууга алданып акча бергендер:
1. Ак-Тилек кичи шаарчасынын 1956-жылы туулган тургунуна (эркек) телефон чалып "Сиздин балаңыз машина менен бирѳѳнү сүзүп ѳлтүрүп алды, тез арада 70 миң сом акча Ош шаарынын Касымбеков кѳчѳсүнѳ алып келиңиз" деп алдап, жабырлануучудан 70 миң сом акча алышкан;
2. Ушундай эле жол менен Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1957-жылы туулган (аял) тургунунан 70 миң сом акчасын алдырткан;
3. Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургунуна (аял) телефон аркылуу чалып, "Мен сиздин балаңызмын, бирѳѳнү машина менен сүзүп алдым, кутулушум керек, тез аранын ичинде акча бериңиз" деп ыйлап, андан 60 миң сом, 35 миң рубль алдырткан. "Балаңызмын" деп ыйлаган балага эне ишенип алып, сураган акчасын айткан дарегине алып барып берген;
4. Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1966-жылы туулган тургунунан дагы "Мен балаңыздын досу болом. Балаңыз 6 жашар баланы машина менен сүзүп кетип, бала каза болуп калды. Туугандарына 100 миң берүү керек. Ооруканага алып келип бере койгула" деп, ал энеден 100 миң сом акча алдырткан.
ШИИБдин маалыматына ылайык, жабырлануучулардан жалпы алган акчасы 600 миң сомдун тегерегинде болгон. Учурда анын 1990-жылы туулган кылмыштуу шеригинин үстүнѳн бул кылмыштар жана башка дагы жасаган кылмышы боюнча тергѳѳ иштери жүрүп жатат.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды телефон чалып, алдагандардан сак болууга чакырат: Урматтуу мекендештер! Эгерде сизге белгисиз бирѳѳ телефон аркылуу жаман кабар угузуп, акча сураса - акча берүүгѳ ашыкпай туруп, маалыматты тактаңыздар. Акыркы мезгилдерде Ош шаарынын аймагында карапайым калктын ѳкүлдѳрүнѳ телефон аркылуу байланышып, жалган жерден "Сиздин жакыныңыз оор кырсыкка кабылды, тез арада акча бере коюңуз" деп жалбарып суранышып, ири суммадагы акчаларын алдап кетип жаткан учурлар катталып жатат. Бир нече ирет айрым адамдарды алдоо аракети дагы болгон. Мына ушуга байланыштуу, мындай чалуулар болсо, алдамчыга акча берүүгѳ ашыкпастан, айткан фактынын чын тѳгүнүн тактоону , ошол "жабыркады" деген адам менен байланышууну сунуштайбыз.