14-февралдан 15-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасын катары менен эки ирет жеңген "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө дүйнөнүн кымбат футболчуларынан түзүлгөн Париждик "ПСЖ" командасын кабыл алды. Финалга тете болгон оюнга жанынан күбө болгусу келген күйөрмандар "Сантьяго Бернабеу" стадионуна толуп турду.
Ышкырык жаңырды, "үй ээси" болгон мадриддиктер чабуулга ыктоо менен оюн алып барып жатты. Оюндун алгачкы 20 мүнөтү жогорку чыңалуу менен болуп өттү. Оюндун 33-мүнөтүндө Мбаппенин капталдан узаткан тобу "Реалдын" коргоочусуна тийип артка кайтканда париждиктердин жарым коргоочусу Рабьо топко биринчи жетип "Реалдын" дарбазасына алгачкы голду киргизди, эсеп сандары 0:1, конокто ойногон "ПСЖ" жааты алдыга чыкты. Бир гол менен оюн бир жактуу чечилбесин билген "Реал" позициялык оюнунан тайган жок. Биринчи бөлүктүн бүтөрүнө бир мүнөт калганда "Реалдын" чабуулдарынын бири 11 метрлик айып тобун табуу менен токтоду. 11 метрлик соккуну Роналду жасап, эсеп санын 1:1 ге айлантты.
Экинчи бөлүк да оюндун тең салмактуулугу менен башталды. Эки тарап тең курч чабуулдарга барып жатышты, топко ээлик кылуу боюнча да пайыздык көрсөткүч дээрлик бирдей болуп турду. Оюндун 83-мүнөтүндө Исконун ордуна алмашууга чыккан Асенсионун узаткан тобун Роналду тизеси менен дарбазага багыттап, эсепти 2:1ге айлантты. Роналду жоопкерчиликтүү оюнда ошентип "дубль" жасады. Жеңиштин жытын сезе баштаган "Реал" ортодон 3 мүнөт өтпөй 3-голун париждиктердин дарбазасына киргизди. Бул жолу "Реалдын" коргоочусу Марсело айырмаланды. Эсеп сандары 3:1. Финалдык ышкырык жаңырды "Реал" ишенимдүү жеңиш менен оюнду аяктады.
Жооптук беттеш 7-мартта "Парк де Пренс" стадионунда болот, анда "ПСЖ" "Реалды" өз үйүндө күтүп алат.