Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-февралда кол койду.
30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган болчу. Ага чейин 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.