"Көз күйдүргөн бойдок" аталган Тауекел Мусилим сүйүү мамилеси тууралуу үн катты

Казак өлкөсүнүн мега жылдызы, актёр, алпаруучу Тауекел Мусилим сүйүү мамилеси тууралуу үн катты. Буга чейин "жүрөгүм бош, үй-бүлө курууга шашылган жокмун" деген актёрдун айланасында миң түрдүү кептер айтылып келген. "Көз күйдүргөн бойдок" статусунун ээси "менин жашырган сырым жок" деген билдирүүсүн социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Акыркы учурда казактын атактуу ырчы кызы Жанар Дугалова менен чогуу эс алган сүрөттөрүм, эс алууда тартылган кыска видеолорум желдей тарап, экөөбүз мамилебизди жашырып жүргөндүгүбүз тууралуу айыңдар айтылууда. Бул ушактарга чекит коюунун сааты чыкты.

Ошол себептен белгилүү блогерлерди, маалымат булактарынын өкүлдөрүн чакырып, ортобуздагы мамилени ачыктап, түшүндүрүүнү туура көрдүк. Сиздердин түн уйкуңуздарды бузган суроолоруңуздарга Жанар экөөбүздүн берген жообубуз жеткиликтүү болду деп ойлойм.

Ооба, биз Жанар экөөбүз Стамбул, Баку шаарларына барганыбыз чындык. Эс алуу деп айтканыбыз менен, ал шаарларга бир компаниянын жарнамасына тартылуу үчүн барганбыз. 2 жылдан бери ал компаниянын Казакстандагы жүзү болуп келем. Менин расмий бойдок, башым бош экенине кубанып жатасыңарбы?", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baiana
2018-02-16 20:50:02
Таукел бизче Тобокелда э, кыз Жолиден ашып түшөтго...
+1
Begaiko
2018-02-16 21:00:52
Оа, башын бош экенине аявай сүйүнүп атабыз
+6
rejepova
2018-02-16 22:36:25
Коз куйдургудой эмне ашыкча нерсеси бар бекен?
+3
Aidani
2018-02-17 02:46:36
Расса суйундук, наоборот уйлонуп алсан суйунмокпуз.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан