Кыргыз спортчусу Евгений Тимофеев Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасынын гигант слалом түрү боюнча мелдештин экинчи баскычында жарышка чыгып, 63-орунду ээледи.
Биринчи баскычта 110 спортчу жарышка чыгып, алардын 85и экинчи баскычка өткөн. Алардын арасында 72-орунду ээлеген Тимофеев да бар эле. Ал эми экинчи баскычта 75 спортчунун жарышы жарактуу деп табылып, кыргыз спортчусу 1 мүнөт 20 секунд менен 63-орунга илинди.
Айта кетсек, Евгений Тимофеев экинчи мелдешин 22-февралда өткөрөт. Ал анда тоо лыжасынын слалом түрү боюнча жарышта өз күчүн сынайт.