Япониянын Нисиномия шаарынын мэри Такеси Имамура журналистти коркуткандыгы үчүн кызматынан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Такеси Имамура Нисиномия шаарынын мэри болуп 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан. 2018-жылы мөөнөтү аяктап, май айында жаңы мэрди тандап алуу үчүн шайлоо өтмөк. Буга байланыштуу мэрден жергиликтүү гезиттердин биринин журналистти кийинки шайлоого эмне үчүн барбай турганын айтып коюусун өтүнгөн. Журналисттин суроосуна мэр "жакындасаң өлтүрөм" деп коркутуу менен жооп берген. Бул окуяга байланыштуу коомчулукта нааразычылык күчөп, Такеси Имамура май айында аяктай турган мэрлик кызматын акырына чейин өтөй албай жумуштан кетүүгө мажбур болгон.
Ошондой эле аталган маалыматта мэр Имамура ага чейин да басма сөз каражатарынын өкүлдөрүнө өзүнүн нааразычылыгын билдирип жүргөнү, айрым учурларда өзүнө жакпаган басылмалардын суроолоруна жооп бербей койгону да айтылат.