Бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Исфана шаарында Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды. “Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймакты өнүктүрүү керек, бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Ал бир жыл менен эле чектелбейт. Бул маселени мен дайыма көңүл борборунда кармайм. Аймактардын негизги маселеси - бул социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин такай көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз”, - деп белгиледи президент.
Сооронбай Жээнбеков өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи. “Албетте, бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Элдик колдоого алынган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз”, - деп жолугушуунун катышуучуларына кайрылды президент.
Ал ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон иш сапарлары тууралуу айтып берди. "Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш”, - деп белгиледи президент.
Жолугушууда жергиликтүү жашоочулар коррупцияга каршы күрөшүү, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдой тургандыктарын билдиришти, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди куруу боюнча жасалган иштер үчүн ыраазычылык айтышты. Ошол эле учурда алар мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жерлерди трансформациялоо, жеңилдетилген насыяларды берүү, турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү, иче турган таза суу жана сугат суусу менен камсыз кылуу, туризмди жана спортту өнүктүрүү маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.
Жергиликтүү тургундардын суроолоруна Сооронбай Жээнбеков өзү жана президенттин Баткен облусуна жумушчу сапарында аны коштоп жүрүшкөн министрлер жооп беришти.