Улуттук коопсуздук боюнча комитетте коллегиянын жыл жыйынтыгы боюнча отурумунун чечимине ылайык орун алмашуулар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда аталган мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.
"Бизде коллегиянын жыл жыйынтыгынын негизинде пландуу түрдө ротация болуп жатат. Мындай көрүнүш жылда эле орун алат. Орун алмашуулар Коррупцияга каршы кызматта эле эмес, Улуттук коопсуздук комитетинин башка башкармалыктарында да болуп жатат", - дейт басма сөз катчы.
Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттары президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде айткан сөзүнөн кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматында 20га жакын жетекчи кызматкерлер иштен алынганын жазып чыгышкан болчу.
Ошондой эле кечээ, 19-февралда президенттин басма сөз кызматынан Сооронбай Жээнбековдун буйругунун негизинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткораев ээлеген кызматынан бошотулганын билдиришкен.