Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Чубак Жалиловдун Нооруз майрамы тууралуу айткан пикири боюнча Аалымдар кеңешине кат жөнөттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү SUPER.KG сайтына билдирди.
Маалыматка караганда, комиссия Аалымдар кеңешине жөнөткөн катында Нооруз майрамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн расмий майрам экенин белгилеген.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраевдин билдирүүсүндө, Жалиловдун аталган майрам тууралуу айтканы каралып чыгып, баа берилет.
"Менде бул тууралуу азырынча маалыматым жок, бирок дин иштери боюнча комиссия ошондой кат жөнөтсө сөзсүз түрдө Чубак Жалиловдун Нооруз тууралуу айткандарына баа берүү маселеси Аалымдар кеңешинде каралат", - деди Ибраев.
Эскерте кетсек, Чубак Жалиловдун "Нооруз майрамы кыргызга, дегеле мусулмандарга тиешеси жок майрам" деген пикири коомдо кызуу талкууга алынып, талаштуу пикирлерди жараткан.