Депутаттар Бишкек ЖЭБге дагы 21 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди 2-окууда колдоду

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБге дагы 21 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди 2-окууда колдоду. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо экинчи окууда колдоо тапты.

Келишимге ылайык, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан кыргыз тарапка берилүүчү каражат 21 миллион 200 миң доллар. Анын ичинде 3 миллион доллар гранттык каражат болуп саналат. Ал толугу менен "Бишкек жылуулук тармагынын" карамагындагы оӊдоо иштерине жумшалмакчы.

"Бишкек жылуулук тармагынын" карамагында жалпы узундугу 430 чакырым жылуулук түтүктөрү бар, азыр анын 328 чакырымы же 70 пайызы алмаштырылууга муктаж. Аларды толук алмаштыруу үчүн 200 миллион доллар көлөмүндө каражат табуу зарылдыгы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
century
2018-02-22 13:21:32
386 млн$ жетпепи а, уят. Ким толойт мынча карыздарды,
+3
Derzki_kyrgyz
2018-02-22 13:21:46
480млн доллар +30млн доллар = 510млн доллар. Жарым млрд дагы кошулду карызыбызга. Азаматсыздар. Өздөн чыккан жат жаман деген ушу. 2020-жылдан карыздарды төлөө мөөнөтү башталат. Анан акыр аягы жер сатасыңар мен бүгүн эле айтып коеюн
+5
century
2018-02-22 13:25:19
Карыз алуунун ордуна 386млн $ды жегендерден кайра өндүрүп алса болбойбу, кантип эле ушунча коп акча бир ЖЭБдин ремонтуна жетмесин, жетмек тургай жаңысын курп коюуга жете турган акча го бул
+4
century
2018-02-22 13:36:30
Сүткордук даана эле байкалып турбайбы. Кантип элдин башы ушуга жетпейт. Маркум Шералы Назаркулов айтакндай Кыргыз улуту дагы деле уктап жатат
+5
century
2018-02-22 13:49:29
386 млн$га жаңыланбаган ЖЭБ 21млн $га жаңыланып калат бекен, арзанга эле жаңыланат экен го.
+1
Azamatisatoroev
2018-02-22 14:13:25
Чынында кыргыз элиме барибир болуп калды ойгончу
+3
Azamatisatoroev
2018-02-22 14:18:30
Милиярд сом кимдин чонтогуно тушуп жатат
0
kyzburak87
2018-02-22 15:15:13
Azamatisatoroev,Атамбай комускодо отуруп алып жайлап жатат го дейм карыз карыз еще карыз алгыла деп ууру чонтогуно садып коюп
0
TalaCSKA
2018-02-22 14:38:14
Макулдугун берерден мурда ушул акчанын туура так колдоноруна ким башы менен жооп берет ошону билдинерби урматтуу депутатар??? дагы бир нерсе болсо анан чыгат бир эки депутат мен башында эле каршы болгом деп.анан комиссия тузушот же анысынан пайда чыксачы.эмнеге комиссияга жалан эле саткын депутатар мучо боло алышат эмнеге журналист жана башка коомдук ишмерлерди кошпойт.Кыргызстандын эли кайсы куноосу учун ушундай бийликке татыктуубуз?бизге да элим деп иштеген патриот бийлик келер бекен ?((((
0
grace
2018-02-22 14:41:41
Жемкорлорго каргыш тийсин кечиктирилбей ылайым, башка сөз жок!
0
Ask094
2018-02-22 14:42:37
Ошол акчага эки жолу курса болот. Отвечаю эки эенерго станция курганга жетет эгер биздин 120 коюбуз адамча иштесе
0
Aidani
2018-02-22 14:46:49
Сокени колдоп коштоп шайладынар эле го жугуруп журуп мына ишенген ажонордун кылганы
+1
kyzburak87
2018-02-22 15:16:41
Aidani,Соке болгудай эмес Атамбайдын чийген сызыгынан чыга албайт
+3
Kojo1995
2018-02-22 22:27:59
kyzburak87, күтө туралы сокени. ашага иш козгойт болуш керек жакында. Эл шайлаган президент болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан