Сооронбай Жээнбеков Фарид Ниязовдун отставкага кетүү тууралуу арызына кол койгон жок

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун отставкага кетүү тууралуу арызын кабыл албады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

"Сооронбай Жээнбеков менен Фарид Ниязовдун ортосунда ишемби, 24-февралда оозеки сүйлөшүү болгон. Анда Ниязов кызматынан кетүү тууралуу оюн билдирген, бирок президент анын оюн кабыл алган эмес. Ал мындан ары да бирге иштешүүнү сунуштаган. Ниязов дүйшөмбүдө кызматтан кетүү тууралуу арызы менен президентке кирген. Бирок президент кол койгон эмес. Ниязовдун шайлоодон кийин эс албагандыгын эске алып, бир жума эс алууну сунуштаган", - деди Стамалиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан