"АКШнын Виргиния штатынын Алегзандрия шаарынан Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалган Теңгиз Сыдыковдун окуяга тиешеси жок, ал эртең убактылуу кармоочу жайдан бошотулат", - деп билдирди бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына кармалган жарандын апасы, Кыргыздын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкова.
Анын айтымына караганда, уулуна учурда коомдук жактоочу кызмат көрсөтүүдө.
"1 жыл мурун уулум казакстандык Эльдар Резванов менен батирди ижарага алып, жарым жылдай чогуу жашашкан. Кийин уулум Теңгиз Сыдыков башка батирге көчүп кеткен. 27-февраль күнү Резвановду тартип сакчылары кармап кетишкен экен. Анын абалын суроо максатында уулум ага барганда окуяга катыштыгын тактоо максатында уулумду да кармашыптыр. Коомдук жактоочунун маалыматына ылайык, Теңгиз суракка гана алынып жатат, эртең бошотулат", - дейт мурдагы элчи.
Ал белгилегендей, Теңгиз Сыдыков АКШдагы Виргиния штатынын Алегзандрия шаарындагы окуу жайлардын бирин бүтүргөн.
"Уулум университетти аяктаган соң Жорж Вашингтон атындагы университетте менеджер болуп эмгектенип келген. Акыркы 3 айдан бери ал жеке IT компаниясына которулуп, иштеп жаткан. Буга чейин бир да жолу соттолгон эмес. Бул окуяны АКШнын Орусияга карата жарыялаган санкцияларына байланыштуу деп бааласа да болот", - деп кошумчалады Сыдыкова.
Айта кетсек, буга чейин АКШда жашаган Кыргыз жараны Чеченстанга аткезчилик жол менен курал ташып жүргөн деп шектелип кармалганы кабарланган.