Адахан Мадумаров: "Президенттердин баары коррупция менен күрөшүүнү айтат, бирок ал сөз бойдон калууда"

Коррупция менен күрөшүү - бул орчундуу маселе, анткени ал мамлекеттин бар же жоктугун белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы билдирүүсүн талкуулоого арналган тегерек столунда мурдагы төрага Адахан Мадумаров билдирди.

Мадумаровдун айтуусуна караганда, бийликке келген өлкө башчыларын коомчулук өзү бузуп жатат.

"Баарыңыздар сөзүңүздөрдү азыркы президенттин сөзүнөн баштап жатасыздар, демек, үмүтүңүздөр бар экен. Бирок коррупция менен күрөшүүнү буга чейинки президенттер да айтып келишкен. Ошол эле Акаев "коррупция 7-кабатка чыгып кетти" деп, ошол эле Бакиев, Атамбаев айтып келген, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Сөз айтып коюу менен гана коррупцияны жоё албайбыз. Сылап-сыйпалаганды токтотуп, ачык айтууну башташыбыз керек", - деп кайрылды иш-чаранын катышуучуларына Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2018-03-02 12:39:03
Сокенин"огородуна"таш"ыргытыптыр.Туурале...
0
karakulja
2018-03-02 12:51:53
Ээ Тамада, асылбачы биздин Президентке.
Шайланганына 6 ай боло элек, сабыр кыл. сындаганды ким койду сага.
-15
fantomas
2018-03-02 13:09:09
karakulja, 20 жылда элге пайдасы тийбеген Соке, Окмотту жетектеп турганда Ашанын кандуу жугун жаап жашырган Соке эми онолмок беле?!! Убакытберели дейсинер, жеп байыш учун убакыт берелиби Атамбаев, Акаевге убакыт бергендей...

Каракулжадан болсон балээ бекен?!! Трайбализм, жердешчилик, кошоматчылыкты качан таштайсынар?!!
+12
karakulja
2018-03-02 16:13:33
fantomas,бул менин оюум, менин тандоом. Ар адамдын озунун кызыкчылыгы болот. Буйруса С.Шарипович сен ойлогондой адам эмес. Бул илгери уруп келген,дагы да уроо берет.Убагында премер болгон эмнени кыйратты Тамадан?
-4
fantomas
2018-03-03 22:56:15
karakulja, сенин Шариповичин озун айтмакчы илгери да уурдап жеп келген, азыр да уурдап келет.

Ал эми Мадумаров эч качан премьер болгон эмес, премьер болуп иш кылбаса айтсан жарашмак...

Ал эми сенин Сокен Окмотту жетектеп турганда кыйратпаган, эми да кыйратып жаткан жери жок...
+2
ruslanz
2018-03-02 13:00:40
Ушул байкебизге чон кызмат берип койсо,"коррупция таптакыр жок"деп айтып чыгаар эле.Чон байкелер элди келесоо корбогуло.
-10
murat17
2018-03-02 20:16:53
Мадумаров ушакчы катынга окшош колунан эч нерсе келбейт тили менен чырылдай берет мадумаровдон коро жээнбеков лучщее бирок мырзакматовду дагы эле кутобуз
-7
Azatbek83
2018-03-03 01:53:27
Дагы алты жыл күткүлө ошол бойдон калат. Президент эл менен же ашанын буйругу менен иштейт. Нейтральный болуп турат коррупцияга чындап киришсе анда ашанын арты ачылат алты жыл койнунда жүргөндөрү камалат.ашага катуу сокку болот. Жүктүн ээси модурайып чыгат! Туура айтат жазуу түрүндө калат деп. Орун басарлары кана иштен алынат. Чондору кала беришет. аша кыйын билбейсинерби? аша бар Соке келди бул да ошонун буйругун аткарам деп убада берип келген баатыр наамын берип. Кантип анан аны мактайсынар?!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан