Премьер-министр Сапар Исаковдун сунушу менен Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынганы айтылат. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону боюнча 3-мартта расмий маалымат жарыяланды.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу боюнча сунуштама бергенин кечээ, 2-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаган болчу.