"Ош базарындагы" өрттүн себеби лабораториянын корутундусунан кийин белгилүү болот. Учурда өрттүн эмнеден улам келип чыкканы сыноо лабораториясы тарабынан такталып жатканын SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Айрым соодагерлер өрт кимдир бирөөлөр тарабынан атайын уюштурулду деп айтып жатышканы менен так жообу лабораториянын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Негизи анын жыйынтыгы 10 жумушчу күндүн аралыгында чыгарылат. Ошондой эле учурда тилсиз жоодон келген зыяндын көлөмү такталып жатат", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 5-март күнү саат 21:07 чамасында "Ош базарындагы" “Сейтек” соода жайынан өрт чыккан. Анын кесепетинен соода жайдын болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөн.
30-январда да ушул эле соода жайдан өрт чыгып, 108 контейнер күйүп кеткен. Келтирилген зыянды ордуна келтирүүгө өкмөттөн жардам алуу үчүн 150 соодагерден арыз түшүп, анын жарымына гана жардам бериле турган болгон.