Аида Касымалиева: "Өкмөт 2009-жылдагы жөлөк пул жөнүндө эски мыйзамды кайра сунуштап жатат"

КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева өкмөт 2009-жылдагы жөлөк пул жөнүндө эски мыйзамды сунуштап жатканын айтты. Бул тууралуу депутат 12-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

"Өкмөт 2009-жылдагы жөлөк пул тууралуу эски мыйзамга "сүйүнчү пулду" кошуп алып келди. Мен демилгечи катары бул мыйзамды иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлүгүнө киргем. Мыйзамдагы эң башкы нерсе бул "балага жөлөк" деген пункт. Эне бала менен үйдө отуруп калганда наристе 3 жашка чейин жакшы камсыздалсын деген принцип менен иштелип чыккан. Биз "сүйүнчү пулду", "балага жөлөк" деген пунктту калтыралы деген жыйынтыкка келгенбиз. Ал эми үчүнчү баладан баштап 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү боюнча пункту 3 жаштан дегендин ордуна 1 жарым жаш деп сунуштаганбыз. Ошондой даректүүлүктү киргизели дегенбиз. Жумушчу топтун акыркы эки жыйынына бара албай калгам. Өкмөт бизди жаш баладай алдап, башкача вариант алып келишиптир. Бул вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын варианты. 2009-жылкы мыйзам боюнча көмүскө экономика менен чынында колунда жок үй-бүлөнүн балдары жөлөк пул ала албай калып жатышат.

Мисалы, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы калктын 71 пайызы өтө жакыр жана 83 пайыз жакырлар "аз камсыз болгон үй-бүлөгө" деген жөлөк пулду ала албай жатышат. Дүйнөлүк банктын 2014-жылкы статискасы боюнча өтө жакыр үй-бүлөнүн 60 пайызы жөлөк пул ала албайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин отчётун карасак "аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн баарына жөлөк пул берип жатабыз" деп жазышат. Жакырчылыктын чеги айына 1421 сомду түзөт. Ошол чектин ылдый жагында 49 миң адам жашайт. Бирок 2017-жылдын 1-декабрынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 294 миң адам жөлөк пул алышат экен. 294 миң адам 900 сомдон ылдый суммадагы каражат алып жатканын билдиришти. Ал эми расмий сан боюнча 49 миң адам. Бул сандарда чоң айырма бар да. 294 миң адам сүйлөшүп маалым катты калп эле топтоп алгандар. Акыйкат болбой жатат.

Коррупция менен күрөшүү дегенде аталган министрликтин ар бир бөлүмүн текшерип чыкса ким канча акча жегени чыкмак. Мен текшере албайм, бирок кагаз түрүндө папкалар толтура. Көбүнчө көйгөйлөр ички мигранттарга тиешелүү болуп жатат. Азыркы мыйзам ордуна келсе маалым кат, каттоого туруу талап кылынат. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгүлөр эч качан жөлөк пул ала алышпайт. Бирок чыныгы жакырлар ошолор. Айыл өкмөттөр кимдерге берип жатат билбейм. Жөлөк пул маалым кат топтоп, акча берген адамдарга эле берилип жатат. Биз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бере турган акчаны жакшы, сарамжалдуу пайдалана албай жатабыз", - деди Касымалиева.

Ошондой эле депутат 2017-жылы кабыл алынган жөлөк пул жөнүндө мыйзамды "чийки, президенттик шайлоого карата иштелип чыккан" деп айтылып жаткан сындарга жооп берди.

"2017-жылы жөлөк пул жөнүндө мыйзамды чийки, шайлоо үчүн иштелип чыккан мыйзам деп айтып жатышат. Андай эмес. Президент кол койгонго чейин юристтердин, эксперттердин корутундулары келет. Биз дагы, мыйзамдын демилгечилери Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен иштеп чыкканбыз. Жер-жерлерге барып коомдук угууларды өткөргөнбүз. Евросоюз, Дүйнөлүк банк, ЮНИСЕФ уюмдары биз сунуштаган вариантты колдошот. Мыйзамда "балага жөлөк" деген пунктуна басым жасашыбыз керек", - дейт депутат.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. 1-августта ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзамдагы негизги өзгөртүү - бул "Аз камсыздалган үй-бүлө" деген норма жоюлуп, "Балага сүйүнчү", "Балага жөлөк" жана "Үй-бүлөгө көмөк" деген жаӊы түшүнүктөр киргизилгенинде болгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралган эле. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1-2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Талаш-тартыш дал ушул жерден башталган.

2017-жылдын декабрь айында бул мыйзамга Нарын облусунун тургундары каршы митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоору боюнча, 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү жөлөк пулдун жана 3 жаштан 16 жашка чейинки курактагы үч жана андан ашык балдары бар жарандарга ай сайын берилген жөлөк пулдун ордуна муктаж үй-бүлөлөргө берүүнү сунуштаган. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ай сайын социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-aiym
2018-03-12 15:58:07
эээ баш оорутма болду ушу жеп жутатдар бир мыйзамды ишке киргизе албай
+2
nurperishka05
2018-03-12 17:37:51
эээ жаман жадатышты калп эле элди алдашып ошол элдердин акчасынан айлык алып аткандары менен иши жок
+2
tyrgon
2018-03-13 09:03:45
айыл окмот грс тин кылыктары айтып отурса толтура былгып жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан