Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотууну президент Сооронбай Жээнбековго сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Момуналиев Нурханбек Сакенович 1971-жылы 5-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында туулган.
Билими:
1992-жылы Архитектуралык-курулуш техникумун “техник-куруучу” адистиги боюнча, 1999-жылы Чүй университетин “салык иши” адистиги боюнча, ал эми 2006-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясын аяктаган. 2015-жылы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамиле” магистри болгон.
Эмгек жолу:
1992-1995-жылдары - Референт, ТПФ "МABI";
1995-1996-жылдары Ленин райондук №2-Турак-жай эксплуатациялык башкармалыгында участок мастери;
1996-1998-жылдары Октябрь райондук №15-Турак-жай эксплуатациялык башкармалыгында башкы инженер;
1998-1999-жылдары “Бишкектуракжайоңдоо” АК №15-филиалынын директору;
1999-2000-жылдары Свердлов райондук АК №9-филиалында башкы инженер;
2000-2001-жылдары Чүй облустук мамадминистрациясынын өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси;
2001-2002-жылдары Жайыл райондук администрация жетекчисинин кеңешчиси;
2002-2003-жылдары Жайыл райондук мамадминистрациясынын жалпы бөлүм начальниги;
2003-жылдары Жаштар иши боюнча алдыңкы адис, Кара-Балта шаардык башкармалыгы жана Жайыл райондук мамадминистрация аппаратынын жетекчиси;
2003-2005-жылдары финансы-экономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн алдыңкы инженери, экономист;
2005-2007-жылдары премьер-министрдин аппаратынын мамлекеттик кызматты башкаруу жана аймактык өнүктүрүү ишин уюштуруу боюнча инспектору;
2007-жылдары премьер-министрдин аппарат жетекчисинин жардамчысы;
2007-2009-жылдары президенттин администрациясынын уюштуруу иши жана мамбашкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору;
2009-жылдары өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары даражасындагы өкмөттүн туруктуу өкүлү;
2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн аппарат башчысынын биринчи орун басары жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары;
2012-2016-жылдары өкмөт аппаратынын жетекчиси;
2016-2017-жылдары – Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
2017-жылы 26-августта өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.
Кошумча маалымат:
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Сыйлыктары: “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси.