Балдар неврологу: "Балдарды эмдөөгө каршы болуу кылмыш катары каралыш керек"

Балдарды эмдөөгө каршы болуу кылмыш катары каралышы керек. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министрлигинин педиатрия адиси, балдар неврологу Нурмухамед Бабажанов бүгүн, 12-мартта маалымат жыйында айтты. Анын айтымында, баланын саламаттыгы эң алгач ата-эненин жоопкерчилигинде.

"Ата-эне баланы эмдөөдөн өткөрбөй коюп, эртең бала кокустан катуу ооруп калса, ата-эненин бул аракетин кылмыш катары кароо керек. Анткени ата-эне баланы сактап кала алган жок. Ошондуктан сөзсүз эмдөөдөн өткөрүү зарыл", - деди Бабажанов.

Балдар нервологу эмдөөдөн өтпөгөн балдар ар кандай илдеттерди өзүнө бат кабыл алышы мүмкүн экенин эскертти.

"Бала өз убагында эмдөөдөн өтпөсө алсыз болот да, ар кандай илдеттерди бат кабыл алып калышы ыктымал. Жыйынтыгында, ден соолугунан ажырашы мүмкүн. Мындан улам ата-эне баланы эмдөөдөн өткөрүүнү өзүнүн башкы милдети катары кабыл алышы зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
adii
2018-03-12 17:13:45
Эмдоо дегенди- ооруну балага киргизип, ошол оору менен баланы тааныштыруу, деп тушуномун. Жакшынакай баланы эмдеп оорутуунун кереги жокко.
+8
jalgyzymsyn
2018-03-12 17:24:48
adii, туура дарылар чет мамлекеттен келет. Кээ бир наристелер эмдоодон кийин ооруп калат. Себеби ал дары начар болот, аны эчким текшербейт ж.а туура эмес диагноз коюп оорулууну брак кылышат
+7
Ayida
2018-03-12 17:46:49
Бул дагы жем жеп алганда
+5
KAYRATBEK
2018-03-12 17:58:51
Мен лично каршымын!!!!! эмне учун жакшына жургон баланы эмдоо керек? Баланы эмнедесе эле эч эч оорубай чонойчудай. Бала деген адам деген оорут. Даары ташыган бизнесмендердин акчасын жеп алган окшойт. Балдарды эмдоо азайган сайын булардын акчасы азаят.
+5
Mirlan27011987
2018-03-12 18:07:41
Туура колдойм. Балдардын ден соолугун ойлош керек. Диний ырымы жырымдарга ишенбей. Ар кимиси ар кайсы жомокту айтып койсо эле чын коро бербей. Молдонун ырымы жаман. Ооруну жашырсан олум ашкере кылат.
-2
KAYRATBEK
2018-03-12 18:13:58
Mirlan27011987, молдонун айтканы жомок болуп алдагы бизнесмендердин созу туура болуп калдыбы? Былтыр кыргызстанда канчалаган доктурлардын шалаакылыгынын айынан бей куноо жаш балдар спитти жуктуруп алышыптыр эмнеден ошол себеби жок эмдоодон. Бир ийнени эки учооно колдонуп. Эми кимне пайда кимге зыян.
+4
Dalil
2018-03-12 19:59:34
Дарыгерлер аптекалар менен келишим түзүп иштешет. Канча көп кардар жөнөтсө ошончо көп акча табат дегендей. Ошондой эле дары бизнеси менен иштегендер да саламаттыкты сактоо министри менен иштешет окшойт. Мынчалыкка барып жатса. Элдин өзүнүн укугу ким алат ким албайт аны силер алкымыңар үчүн мажбурлай албайсыңар.
+3
33SUUN
2018-03-12 20:21:42
Эмне учун чет олколордо балдар ата-энесинин уруксаты менен эмдоодон откорулот?Себебин билбесениз Бабажанов менин купуяма байланышыныз.
+4
Aselina87
2018-03-13 14:10:05
Эмдетиш керек деп ойлойм!Анткени,илгери балдар массалык турдо ооруп кырылып калышчу.Памирдеги кыргыз боордошторду деле мисалы келтирсек болот.Алар торолгону эмдетпейт.Балдар ооруп чарчап калышат экен ал жакта
-1
meni_kut
2018-03-13 16:03:54
Aselina87,алар жашаган климат мн биздикин салыштырсан,мынча карангысын?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан