Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин бул кызматты Алмазбек Курманалиев аркалап келген. Ал өз арызынын негизинде 2017-жылдын 18-декабрында кызматынан бошотулган.
Сагынбаев 1974-жылы Токмок шаарында туулган. Ал 1995-жылы ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин юрист-укук таануу боюнча адистигин аяктаган.
Эмгек жолу:
1995-1996-жылдары Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү;
1996-1999-жылдары Орусия ИИМинин башкаруу академиясынын адъюнкту;
1999-2002-жылдары ИИМ академиясынын доценти;
2002-2004-жылдары ИИМдин илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары;
2004-2009-жылдары президенттик аппараттын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн эксперти;
2009-2010-жылдары коргоо жана коопсуздук маселеси боюнча президенттин мамлекеттик кеңешчисинин кызматынын инспектору;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн инспектору;
2010-2013-жылдары өкмөттүн алдындагы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
2013-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
2014-2017-жылдары өкмөттүк аппараттын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси;
2017-жылдын декабрь айынан тарта Коопсуздук кеңешинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.